КЕЛГЕНДЕР МЕНЕН ИШТӨӨ УБАКТЫСЫ:

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ 11:00 – 12:30

ДОКУМЕНТТЕРДИ БЕРҮҮ: 16:00 – 17:00

КР ТИМ КОНСУЛДУК КЫЗМАТ ДЕПАРТАМЕНТИНЕ (ККД) ТӨЛӨНӨ ТУРГАН КОНСУЛДУК ЖАНА ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ ЖЫЙЫМДАРДЫН ТАРИФТЕРИ:

Документтерди мыйзамдаштыруу үчүн жыйымдар Консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдардын коюмдары, сом
КР мамлекеттик органдары берген ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн
— жеке жактардан
— юридикалык жактардан
 

 

170
630

Чет өлкөнүн мамлекеттик органдары берген ар бир документти мыйзамдаштыруу үчүн:
— жеке жактардан
— юридикалык жактардан
 

 

300

1030

Билими жөнүндө документтерди мыйзамдаштыруу үчүн: КР жогорку жана атайын-орто билим жөнүндө диплому,КР орто билим жөнүндө аттестаты,окуу курстарын аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар  

 

 

1300

ДОКУМЕНТТЕРДИ КАРООНУН МӨӨНӨТҮ:

10 ЖУМУШ КҮНҮНӨ ЧЕЙИН;

КАБЫЛ АЛУУ КҮНДӨРҮ:

ШАРШЕМБИ, ИШЕМБИ ЖАНА ЖЕКШЕМБИДЕН БАШКА КҮНДӨРҮ.

Эскертүү: Мыйзамдаштыруу үчүн документтер документтин ээсинен кабыл алынат, ээси жок болгон учурларда нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кагаздын негизинде кабыл алынат.

МЫЙЗАМДАШТЫРУУ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ:

КР ТИМ ККД мамлекеттик нотариус тастыктаган жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде күбөлөндүрүлгөн Кыргыз Республикасынын документтерди мыйзамдаштырат.

Кыргы Республикасынын ДОКУМЕНТТЕРИН МЫЙЗАМДАШТЫРУУНУН СХЕМАСЫ (ТАРТИБИ):

1) Кыргыз Республикасынын Биринчи Бишкек нотариалдык кеңсеси – Совет жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши
2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нотариат бөлүмү — Жаш Гвардия, Киев көчөлөрүнүн кесилиши
3) Кыргыз Республикасынын ТИМ ККДи
4) Документти колдонуу пландалып жаткан өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси.

Кыргыз Республикасынын АЙМАГЫНДА КОЛДОНУЛА ТУРГАН ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДҮН ДОКУМЕНТТЕРИН МЫЙЗАМДАШТЫРУУНУН СХЕМАСЫ (тартиби):

1) Чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси

2) Кыргыз Республикасынын ТИМ ККДи.

МЫЙЗАМДАШТЫРУУГА БОЛБОЙ ТУРГАН ДОКУМЕНТТЕР

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 60 Токтому менен бекитилген “Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобого” ылайык

1) АСКЕРДИК БИЛЕТТЕР, ПАСПОРТТОР, ИНСАНДЫК ТАСТЫКТАМАЛАР;

2) БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ МЫЙЗАМДАШТЫРБАСТАН СЫРТКА ЧЫГАРЫЛГАН ЖЕ ЭЛ АРАЛЫК ПОЧТА АРКЫЛУУ ЖӨНӨТҮЛГӨН ДОКУМЕНТТЕР;

3) КОТОРМОСУНУН ТУУРА ЭКЕНДИГИ ГАНА КҮБӨЛӨНДҮРҮЛГӨН ДОКУМЕНТТЕР;

МЫЙЗАМДАШТЫРУУ БОЮНЧА КОШУМЧА МААЛЫМАТ

1) КИШИНЕВ ШААРЫНДА 2002-ЖЫЛДЫН 7-ОКТЯБРЫНДА КОЛ КОЮЛГАН ЖАРАНДЫК, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАНА КЫЛМЫШ ИШТЕРИ БОЮНЧА УКУКТУК ЖАРДАМДАР ЖАНА УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ КОНВЕНЦИЯНЫН 12-БЕРЕНЕСИНЕ ЫЛАЙЫК

Компетенттүү мекеме же атайын ыйгарым укуктар берилген адамдын ыйгарым укуктарынын чегинде күбөлөндүрүлгөн документтер Азербайжан Республикасынын, Молдованын, Армениянын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Түркмөнстан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Украинанын жана Кыргыз Республикасынын аймактарында мыйзамдаштырылбастан кабыл алынат

2) ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИН АЙМАГЫНДА ДАЯРДАЛЫП, АЛ МАМЛЕКЕТТИН ДИПЛОМАТИЯЛЫК ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНДӨ ЖЕ КОНСУЛДУК МЕКЕМЕСИНДЕ МЫЙЗАМДАШТЫРЫЛБАСТАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНА АЛЫНЫП КЕЛГЕН ЧЕТ МАМЛЕКЕТТИК ДОКУМЕНТТЕР КАРОО ҮЧҮН КАБЫЛ АЛЫНБАЙТ