Бүгүн: 4 Февраль 2012
Башкысы I Cуроо-жооптор I Cайттын картасы I Байланыштар

Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги

 

ОТВЕТЫ НА ВОПРОСЫ ГРАЖДАН КР В КОНСУЛЬСКОЙ СФЕРЕ

Узор

Телефон доверия
Узор

Департамент консульской службы КР

 

Узор

Узор
Узор
Узор

Сайт гос.предприятия КыргызДипСервис

Сайт ОБСЕ

Организация объединенных наций

Узор
Узор
Тышкы иштер министрлигинин Департаменттери

1. Көз карандысыз мамлекеттер Шериктештиги Департаменти

КРнын Тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. Департамент Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын КМШ өлкөлөрүнө тиешелүү негизги багыттарын жана принциптерин ишке ашыруунун үстүндө иштейт – КМШ, Евразия Экономикалык Коомчулугу, Жамааттык Коопсуздук тууралуу Келишим Уюму(ОДКБ), жана ошондой эле эл аралык Фондулар.

2. Батыш өлкөлөр Департаменти

КРнын Тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүктөрүнүн Республикасынын тышкы саясатынын Америка, Европа жана Балтика мамлекеттерине байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги принциптерин жана багыттарын ишке ашыруу масксатында иш алып барат.

3. Чыгыш өлкөлөр Департаменти

КРнын Тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Департаменттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына Кыргыз Республикасынын Кытай Эл республикасы, Жакынкы жана Ыраакы Чыгыш жана Африка, Чыгыш жана Чыгыш-Түштүк Азия, Иран, Афганистан,Монголия өлкөлөрү менен азия, ислам эл аралык уюмдар менен тышкы саясий байланыштарды жүргүзүү кирет. Аталган мамлекеттер менен Кыргызстандын саясий, экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташтуусун камсыздоону көздөйт.

4. Эл аралык уюмдар жана коопсуздук Департаменти

Тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат. Департамент Биргелешкен Улуттар Уюмунун, Европада Коопсуздук жана кызматташтык боюнча Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында иш жүргүзүүдө республиканын саясий кызыкчылыгын ишке ашыруу маселелери боюнча иш алып барат.

5. Эл аралык экономикалык кызматташтык Департаменти

Тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнөн болуп саналат. Департаменттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына Кыргыз республикасынын мыйзамына ылайык республиканын тышкы саясий курсунун экономикалык багытын иш жүзөнө ашыруу, Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатынын багыттары жана жетишкендиктеринин боюнча иштелмелер маселелери боюнча Тышкы иштер министлигине сунуштарды тартуулоо кирет.

6.Консулдук кызмат боюнча Департаменти

Тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнөн болуп саналат. Департамент Кыргыз республикасынын чет жерлердеги атуулдарынын жана чет жерлерде эмгектенип жаткан мигранттардын укугун жана кызыкчылыгын коргоону ишке ашырат.КРнын виза саясатын иштеп чыгууда жана ишке ашыруу иштерине катышат.

7.Жалпы маселелер боюнча Департамент

КРнын тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнөн болуп саналат.Департаменттин кызматына КРнын Тышкы иштер министрлигинин жана чет жерлердеги мекемелеринин ишмердүүлүгүн документациялоо менен камсыздоо кирет. Министрликте иш кагаздарын бирдей системада жүргүзүүнү ишке ашырат. КРнын Президентинин, Премьер-министринин Жогорку Кеңештин, Президенттин Администрациясынын, Тышкы иштер министринин жана анын орун басарларынын буйруктарынынын Министрлик тарабынан аткарылышын көзөмөлдөйт.

8.Эл аралык-укуктук департамент

КРнын тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнөн болуп саналат.Департаменттин негизги милдеттери болуп КРнын эл аралык келишимдерге катышуусун документалдуу туура уюштуруу менен байланышкан эл аралык-укуктук тармактагы тышкы саясатынын негизги принциптерин жана багыттарын ишке ашырууну көздөйт.

9. Валюталык – каржы башкармалык

КРнын тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнөн болуп саналат. Башкармалык КРнын эсеп-кысап көрсөтмөлөрүнө, ведомстволук нормативдик актыларына жана эсеп-кысап мыйзамдарына ылайык бюджет жана бюджеттен сырткаркы эсептер боюнча сметанын аткарылышын ишке ашырат.

10. Мамлекеттик протокол кызматы

КРнын тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнөн болуп саналат. Негизги милдеттери: КРнын Президентинин, Премьер-министринин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Тышкы иштер министринин чет өлкөлөргө иш сапарларын, Министрликтин аймактык жана функционалдык бөлүмдөрү менен биргелешип КРнын Президентинин иш сапарларын алдын ала даярдоо, КРнын жогорку органдардагы башчылардын эл аралык жолугушууларды уюштурууда уюштуруучу-протолдук мүнөздөгү чараларды камсыздоо, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, чет мамлекеттердин консулдук мекемелерине КРнын мамлекеттик бийлиги менен өз ара байланышууга көмөк көрсөтүү.

11. Мамлекеттик чекараны белгилөө жана аныктоо боюнча топ

КРнын тышкы иштер министрлигинин структуралык бөлүмдөрүнөн болуп саналат. Топтун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары Казакстан, Озбекстан, Тажикистан жана Кытай Эл Республикасы менен чекараларын белгилөө жана бөлүп аныктоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын принциптерин жана негизги багыттарын иш жүзүнө ашырат.

 
 

Общественно-наблюдательный совет при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики


Выступления в прессе

Узор

 

Узор

Дүйнөлүк убакыт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат борбору © 2007-2010
ITEG.kg сайтынын иштелмеси