|
Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде
2009-жылдын 2-апрелинде катталган, каттоо номери - № 41-09
Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлигинин
2009-жылдын 2-мартындагы
№ 25-п |
Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин
2009-жылдын 2-мартындагы
№ 167 |
Биргелешкен буйруктары менен бекитилген
Кыргыз Республикасында жайгашып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан
чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук
мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн
автоунаа каражаттарын жана алардын кызматкерлеринин автоунаа
каражаттарын каттоонун
(кайра каттоонун) тартиби тууралуу
Жобо
Бул Жобо Кыргыз Республикасында жайгашып, өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан чет мамлекеттердин дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн жеке жана кызматтык пайдалануусу үчүн автоунаа каражаттарын жана алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) тартибин 1961-жылы кол коюлган дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына, 1963-жылдагы консулдук байланыштар жөнүндө Вена Конвенциясына, 1946-жылы бекитилген БУУнун артыкчылыктары жана иммунитеттери жөнүндө Конвенцияга, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жөнгө салат.
I. Жалпы жоболор
1.1. Чет мамлекеттердин дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, БУУ системасынын жана башка уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн (мындан ары "Өкүлчүлүктөр" жана "Мекемелер" деп аталат) кызматтык автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол Кызматынын (мындан ары КРнын ТИМнин МПКы) макулдугу менен "Кыргыздипсервис" дипломатиялык сервистин Мамлекеттик ишканасы (мындан ары "Кыргыздипсервис" МИ деп аталат) тарабынан жүргүзүлөт.
1.2. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн дипломатиялык, административдик-техникалык кызматкерлеринин мүчөлөрүнүн, соода өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлеринин жана чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин кызматтык жактарынын жана кызматкерлеринин, БУУ системасынын жана башка уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жеке автоунаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) КРнын ТИМнин МПКнын макулдугу менен "Кыргыздипсервис" МИсы тарабынан жүргүзүлөт.
1.3. Унаа каражаттарын тариздөө, каттоо (кайра каттоо), эсепке алуу "Кыргыздипсервис" МИнын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаары боюнча Жол Кыймыл Коопсуздугунун Башкы Башкармалыгынын (КРнын ИИМнин ЖККББ) каттоочу-экзамендик бөлүмүндө ишке ашырылат.
1.4. "Кыргыздипсервис" МИнын кызматкерлери КРнын ИИМнин ЖККББнын бөлүмдөрүндө каттоочу (кайра каттоочу) иш-аракеттерди иш жүзүнө ашырууда Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелеринин жазуу түрүндөгү кайрылуусунун негизинде автоунаа каражаттарын пайдалануучу ээлеринин атынан иш алып барышат.
1.5. Бекитилген тартипте каттоого алынбаган жана мөөнөтүнөн өткөн дипломатиялык каттоочу номерлердик белгилер менен автоунаа каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.
1.6. КРнын ТИМнин МПКнын макулдугу менен "Кыргыздипсервис" МИсы автоунаалардын төмөнкү түрлөрүн каттоону (кайра каттоо) жүргүзүшөт:
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин Башчыларынын кызматтык жана жеке автоунааларын.
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунааларын.
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жашы жетип калган, айдоочу күбөлүккө ээ мүчөлөрүнүн жеке автоунааларын.
II. Автоунаа каражаттарын каттоонун тартиби
2.1. Автоунаа каражаттарын каттоо жана атайын дипломатиялык каттоочуномердик белгилерди алуу үчүн Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер "Кыргыздипсервис" МИсына дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүү тууралуу өтүнүч менен нота же кат жөнөтөт. "Кыргыздипсервис" МИсы жогоруда аталган өтүнүч келип түшкөндөн тартып үч күндүн ичинде КРнын ТИМнин МПКна Өкүлчүлүктөр жана Мекемелердин автоунаа каражаттарын каттоого (кайра каттоо) документтердин көчүрмөсү менен кат жөнөтөт. "Кыргыздипсервис" МИсынан кат жана керектүү документтердин көчүрмөсү келип түшкөн күндөн тартып үч күн ичинде КРнын ТИМнин МПКы дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүүнүн укуктуулугун аныктайт жана кабыл алынган чечим тууралуу "Кыргыздипсервис" МИсына КРнын ТИМнин МПКнын Начальнигинин резолюциясы менен жазуу түрүндө билдирүү жөнөтөт.
Ар кандай талаш-тартыштуу мезгилдерде арызды кароонун мөөнөтү юридикалык экспертиза жүргүзүү керектиги менен байланыштуу он жумушчу күнгө чейин созулат.
"Кыргыздипсервис" МИсы дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди тариздөө жана даярдоо процессин КРнын ТИМнин МПКнан атайын категориясы жана катар номери көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү билдирүүсүн алгандан кийин гана жүргүзө баштайт.
2.2. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттарына "Кыргыздипсервис" МИда төмөнкү документтер берилет:
- автоунаа каражаттын түрү көрсөтүлүп, дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүү жөнүндө кайрылуу мазмунундагы нота же кат:
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин Башчысынын кызматтык автоунаа каражаты;
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматтык автоунаа каражаты;
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автоунаа каражатына ээ укугун ырастоочу документтин түп нускасы:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан автосалондордо сатылып алынган жана чет өлкөлөрдөн алынып келген кездерде - унаа даярдоочу-уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы жана эсептөөчү маалымдама же унаа каражатына ээ экендигин ырастаган башка документ, бажы күбөлүгү жана жүккө берилген бажы декларациясы;
- Жеке жактардан сатылып алынган мезгилдерде – техникалык паспорттун көчүрмөсү, унаанын мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, сатып алуу-сатуу келишими, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер, алып жаткан жактын балансына автоунааны кабыл алуусу тууралуу буйрук;
- Автоунааны уюмдардан сатып алган мезгилдерде – техникалык паспорттун көчүрмөсү, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер, автоунааны өткөрүүнүн актысы, сатып алуу-сатуу келишими, кириш ордерине квитанция, алып жаткан жактын балансына автоунааны кабыл алуусу тууралуу буйрук;
2.3. КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин, алардын үй бүлө мүчөлөрүнө "Кыргыздипсервис" МИда төмөнкү документтер берилет:
- Фамилиясы, аты, атасынын аты жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн дипломатиялык каттоочу номердик белгилерин берүү тууралуу кайрылуу баяндалган нота же арыз-кат;
- Кызматкердин жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн автоунаага ээ укугун ырастаган документтин түп нускасын жана көчүрмөсү.
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан автосалондордо сатылып алынган жана чет өлкөлөрдөн алынып келген кездерде - унаа даярдоочу-уюм, соода уюму, ишкер тарабынан берилген сертификаттын түп нускасы жана эсеп-маалымдамалары же автоунаага ээ укугун ырастаган башка документ, бажы күбөлүгү жана жүккө берилген бажы декларациясы;
- Жеке жактардан сатылып алынган мезгилдерде – техникалык паспорттун көчүрмөсү, унаанын мурунку ээсинин паспортунун көчүрмөсү, сатып алуу- сатуу келишими, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер;
- • Автоунааны уюмдардан сатып алган мезгилдерде – техникалык паспорттун көчүрмөсү, мамлекеттик каттоочу номердик белгилер, сатып алуу- сатуу келишими, кириш ордерине квитанция.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген паспорттун көчүрмөсү жана аккредитациялык карточка.
III. Дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди берүүнүн тартиби, алардын мөөнөтү жана саны
3.1. "D"сериясы
- Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жалпы саны КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөөдөн өткөн дипломатиялык кызматкерлердин санына жараша аныкталат.
- Өкүлчүлүктөрдүн Башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына үчтөн (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги беш (5) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- Өкүлчүлүктүн жалпы иштерди алып барган кызматтык автоунаа каражаттарына кошумча үч (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги үч (3) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн Башчысынын жана кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги эки (2) комплектиден таризделет.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн Башчысынын жана кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги эки (2) комплектиден таризделет.
3.2.1. "D"сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин саны жана иштөө мөөнөттөрү
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү үчүн
- Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жалпы саны КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөөдөн өткөн дипломатиялык кызматкерлердин санына жараша аныкталат.
- Өкүлчүлүктөрдүн Башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына үчтөн (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги беш (5) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- Өкүлчүлүктүн жалпы иштерди алып барган кызматтык автоунаа каражаттарына кошумча үч (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги үч (3) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн Башчысынын жана кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги эки (2) комплектиден таризделет.
- "D"сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
Эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү үчүн
- Кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жалпы саны Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык, статусу дипломатиялык агенттерге теңдештирилген КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөөдөн өткөн эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин санына жараша аныкталат.
- Өкүлчүлүктөрдүн Башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына үчтөн (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги беш (5) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автоунаа каражаттарына кошумча эки (2) дипломатиялык каттоочу номердик белги үч (3) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн Башчысынын жана статусу дипломатиялык агенттик кызматына теңдештирилген кызматкерлеринин же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги эки (2) комплектиден таризделет.
- "D"сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
3.3. "С" сериясы
- КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөөдөн өткөн чет мамлекеттердин Консулдук мекемелеринин Башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү каттоочу номердик белгилер) берилет.
- Чет мамлекеттердин Консулдук мекемелеринин кызматтык автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү каттоочу номердик белгилер) берилет.
- Чет мамлекеттердин Консулдук мекемелеринин Башчыларынын жана кызматкерлеринин жеке автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстөгү каттоочу номердик белгилер) берилет.
- "С" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилер КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген "С" сериясындагы аккредиттөөчү карточкаларга ылайык жогоруда аталган жактардын автоунаа каражаттарына таризделет.
3.3.1. "С"сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин саны жана иштөө мөөнөттөрү
- Кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жалпы саны КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөөдөн өткөн консулдук Мекеменин кызматтык жактарынын курамына жараша аныкталат.
- Өкүлчүлүктөрдүн Башчыларынын кызматтык автоунаа каражаттарына үчтөн (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги беш (5) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- Консулдук Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттарына кошумча эки (2) дипломатиялык каттоо номердик белги үч (3) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктүн Башчысынын жана кызматтык адамдарынын же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги эки (2) комплектиден таризделет.
- "С" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
3.4. "Т" сериясы
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттарына (дипломатиялык каттоо номерлери кызыл фондогу ак түстө), ошондой эле Кыргыз Республикасында БУУ системасынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматтык автоунаа каражаттарына (дипломатиялык каттоо номерлери көгүлтүр фондогу ак түстө) берилет.
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин административдик-техникалык кызматкерлердин жеке автоунаа каражаттарына берилет.
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин административдик-техникалык кызматкерлердин жеке автоунаа каражаттарына берилет.
- Эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн долбоорлорунун кызаткерлеринин кызматтык жеке автоунаа каражаттарына, эгерде бул Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдеринде каралган болсо берилет (кызыл фондогу ак түстө дипломатиялык номердик белгилер)
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген "Т", "U" жана "О" сериясындагы аккредиттөөчү карточкаларга ылайык жогоруда аталган жактардын автоунаа каражаттарына "Т" сериясындагы дипломатиялык каттоо номердик белгилер таризделет.
3.4.1. "С"сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин саны жана иштөө мөөнөттөрү
Чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүктөрү үчүн
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоо номерлеринин жалпы саны КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөөдөн өткөн административдик-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн курамына жараша аныкталат.
- Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автоунаа каражаттарына кошумча эки (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги үч (3) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин административдик-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги бир (1) комплектиден таризделет.
- Дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин же административдик-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн кызматкерлеринин КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
Эл аралык уюмдардын Өкүлдөрү үчүн
- Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматтык автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоо номерлеринин жалпы саны Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимине ылайык, КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөөдөн өткөн административдик-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн курамына жараша аныкталат.
- Өкүлчүлүктөрдүн кызматтык автоунаа каражаттарына кошумча үч (3) дипломатиялык каттоочу номердик белги үч (3) жылдык иштөө мөөнөтү менен берилет.
- КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген айдоочунун күбөлүгүнө жана аккредиттөөчү карточкаларга ээ Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин административдик-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн же алардын үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги бир (1) комплектиден таризделет.
- Эгерде Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимине ылайык эл аралык уюмдардын жана долбоорлордун өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлердин жеке автоунаа каражаттары үчүн дипломатиялык каттоо номердик белгилерди берүү каралса, автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белги бир (1) комплектиден таризделет.
- Дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин же административдик-техникалык кызмат мүчөлөрүнүн кызматкерлеринин КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
3.5. "НС" сериясы
Чет мамлекеттердин Ардактуу консулдуктарынын автоунаа каражаттарына (кызыл фондогу ак түстө дипломатиялык номердик белгилер) КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген "НС" сериясындагы аккредиттөө карточкаларга ылайык берилет.
3.5.1. "НС" сериясындагы дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин саны жана иштөө мөөнөттөрү
- Ардактуу консулдун кызматтык автоунаасына бир (1) дипломатиялык каттоо номердик белги берилет.
- Эгерде Ардактуу консулдук виза колдоосу боюнча көмөк көрсөтсө, курьердик максаттарда кошумча дипломатиялык номердик белгилерди тариздөөгө болот.
- Дипломатиялык номердик белгилердин иштөө мөөнөттөрү Ардактуу консулдун КРнын ТИМнин МПКда аккредиттөө мөөнөтүнө жараша болот.
3.6. Жогоруда аталган дипломатиялык каттоочу номердик белгилер атайын катталган автоунаа каражаттарына бекитилет.
Дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди бир автоунаа каражаттарынан экинчи автоунаа каражаттарына кайрадан бекитүү КРнын ТИМнин МПКы менен макулдашуусу боюнча КРнын ИИМнин Бишкек шаары боюнча Жол Кыймыл Коопсуздугун Камсыздоонун Башкы Башкармалыгынын (КРнын ИИМнин ЖККББ) кызматкерлери тарабынан дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди жокко чыгаруусуна алып келет.
3.7. Бул Жободо каралган дипломатиялык каттоочу номердик белгилер берилбейт:
- Чет мамлекеттердин Өкүлчүлүктөрүнө жана Мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу кеңсесине ээ эмес алардын кызматкерлерине.
- Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн Эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана чет мамлекеттин жарандарынын ичинен КРнын ТИМнин МПКда аккредиттелбеген кызматкерлерине.
- Ижарага алынган автоунааларга.
3.8. Өкүлчүлүктөр, Мекемелер, долбоорлор жана алардын кызматкерлери, ошондой эле алардын үй бүлө мүчөлөрү тарабынан кийин чыгарып кетүү милдетин алуу менен убактылуу алынып келинген автоунаа каражаттарын каттоо, кайра каттоо, алардын бажыда таризделгенинен кийин гана ишке ашырылат.
IV. Дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин мөөнөтүн узартуунун, алмаштыруунун жана алып салуунун тартиби
4.1. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин кызматкерлеринин кызматтык жана (же) жеке автоунааларына дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөтү аягына чыккан мезгилде, бул жөнүндө "Кыргыздипсервис" МИсына жана КРнын ТИМнин МПКна 10 күн ичинде билдирилиши керек.
4.2. Кызматтык автоунааларга дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасына төмөнкү документтерди көргөзүү керек:
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин өтүнүч-каты же нотасы;
- техникалык паспорттун жана автоунаанын талонунун көчүрмөсү;
- дипломатиялык каттоочу номердик белги.
4.3. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлеринин же алардын жашы жеткен үй бүлө мүчөлөрүнүн жеке автоунаа каражаттарынын дипломатиялык каттоочу номердик белгилеринин иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн "Кыргыздипсервис" Мамлекеттик ишканасына төмөнкү документтерди көргөзүү керек:
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин өтүнүч-каты же нотасы;
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлерине же алардын жашы жеткен үй бүлө мүчөлөрүнө КРнын ТИМнин МПКы тарабынан берилген мөөнөтү узартылган аккредиттик карточкалардын көчүрмөсү;
- Автоунаанын техникалык паспортунун көчүрмөсү;
- Дипломатиялык каттоочу номердик белги.
4.4. Дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин иштөө мөөнөтүн узартуу, ошондой эле техникалык паспортко жана техникалык талонго кошумчаларды киргизүү "Кыргыздипсервис" МИнын кызматкерлеринин макулдашуусу менен КРнын ИИМнин ЖККББ каттоо-экзамендик бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ишке ашырылат.
- Дипломатиялык каттоочу номердик белгилери менен автоунаа каражаттарына тиешелүү каттоо (кайра каттоо), каттоодон чыгаруу жана башка иш-аракеттер КРнын ИИМнин ЖККББда гана жүргүзүлөт.
4.5. Каттоодон чыгып жаткан жана иштөө мөөнөтү аягына чыккан автоунаа каражаттардын дипломатиялык каттоочу номердик белгилери "Кыргыздипсервис" МИда чыгарылат жана акты түзүү менен КРнын ИИМнин ЖККББна жиберилет, көчүрмөсү КРнын ТИМнин МПКна жөнөтүлөт.
4.6. "Кыргыздипсервис" МИсы КРнын ТИМнин МПКна Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин дипломатиялык каттоочу номердик белгилери менен автоунаа каражаттарын каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу КРнын ТИМнин МПКна ай сайын кабарлап турат.
4.7. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автоунаа каражаттарынын иштөө мөөнөтү өтүп кеткен дипломатиялык каттоочу номердик белгилери жараксыз деп эсептелинип, КРнын ИИМнин ЖККББнын инспекторлору тарабынан "Кыргыздипсервис" МИсынын өкүлдөрү менен биргелешип алынып салынат.
4.8. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жарандыгы жок жак болуп саналган кызматкерлеринин жеке автоунаа каражаттарына бул Жободо сунушталган категория берүү жүргүзүлбөйт.
4.9. Мотоциклдерге, чиркелген унаага, жүк ташуучу автоунаага, автобустарга дипломатиялык каттоочу номердик белгилер берилбейт.
4.10. Өкүлчүлүктөр жана Мекемелер, алардын кызматкерлери жана үй бүлө мүчөлөрү тарабынан убактылуу алып келинген унаа каражаттарын каттоо (кайра каттоо) унаа каражатты жана дипломатиялык каттоочу номердик белгилерди каттоо тууралуу күбөлүктү Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун бажы документинде көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык берилет. Бул мезгилдерде чет мамлекеттердин каттоо документтер жана каттоочу номердик белгилер КРнын ИИМнин ЖККББда сакталууга тапшырылат жана бул автоунаа каражаттарды каттоодон чыгарууда кайра кайтарылып берилет.
V. Автоунаа каражатын каттоодон чыгаруунун тартиби
5.1. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматтык автоунаа каражаттарын башка адамдарга, уюмдарга сатуу, өткөрүү, тартуулоо учурларда жана алардын иштөөгө жараксыз мезгилдерде "Кыргыздипсервис" МИсына төмөнкү документтерди сунуштоо керек:
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автоунаа каражаттарын каттоодон чыгарууга себеби көрсөтүлгөн өтүнүч-каты же нотасы;
- автоунаа каражатынын техникалык талону;
- дипломатиялык каттоочу номердик белгилер;
- жеке жактарга сатылган мезгилде – автоунаанын жаңы ээсинин паспорту;
- уюмга автоунаа каражаттары биротоло өткөрүп берилген мезгилде: автоунааны өткөрүү-кабыл алуу актысы, алган уюмдун балансына автоунааны кабыл алынышы тууралуу буйрук;
- автоунааны жеке жактарга тартуулоо мезгилинде: тартуулоо тууралуу келишим, автоунаа каражатынын техникалык паспорту, автоунаанын жаңы ээсинин паспорту.
5.2. Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин жеке автоунаа каражаттарын башка адамдарга, уюмдарга сатуу, өткөрүү, тартуулоо учурларда жана алардын иштөөгө жараксыз мезгилдерде "Кыргыздипсервис" МИсына төмөнкү документтерди сунуштоо керек:
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин автоунаа каражаттарын каттоодон чыгарууга себеби көрсөтүлгөн өтүнүч-каты же нотасы;
- автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
- автоунаа каражатынын техникалык талону;
- Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкерлеринин аккредиттөөчү карточкасынын көчүрмөсү;
- жеке жактарга сатылган мезгилде – автоунаанын жаңы ээсинин паспорту;
- уюмга автоунаа каражаттары биротоло өткөрүп берилген мезгилде: автоунааны өткөрүү-кабыл алуу актысы, алган уюмдун балансына автоунааны кабыл алынышы тууралуу буйрук;
- автоунааны жеке жактарга биротоло өткөрүү мезгилинде: тартуулоо тууралуу келишим, автоунаа каражатынын техникалык паспорту, аккредиттөөчү карточкасынын көчүрмөсү, автоунаанын жаңы ээсинин паспорту.
5.3. КРнын ТИМнин МПКы тарабынан Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин кызматкеринин аккредиттөөчү карточкасын жокко чыгарылуусунда дипломатиялык каттоочу номердик белгини "Кыргыздипсервис" МИсына өткөрүүгө туура келет.
5.4. Кыргыз Республикасынын аймагындагы Өкүлчүлүктүн жана Мекеменин ишмердүүлүгүнүн мөөнөтүнүн токтотулушу же аягына чыгуу мезгилинде, ошондой эле кызматкердин Кыргыз Республикасынан биротоло кетүү же Өкүлчүлүктө жана Мекемеде кызматкердин кызматынын токтотулуш мезгилдеринде дипломатиялык каттоочу номердик белгилер бекитилген тартипте "Кыргыздипсервис" МИсына өткөрүлөт.
VI. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин автоунаа каражаттарына, алардын Кыргыз Республикасында аккредиттөөдөн өткөн кызматкерлеринин автоунаа каражаттарына карата бажылык жөнгө салуу
6.1. Өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана долбоорлордун автоунаа каражаттарын, ошондой эле алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын бажылык тариздөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын белгилүү бир бажы мыйзамы менен ишке ашырылат.
6.2. Чет мамлекеттерден бажы пошлинасы жана салык төлөнбөй алынып келинген автоунаа каражаттар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан алып чыгууда "Чыгарууга уруксат" деген штампы менен жүк ташуучу бажы декларациясы талап кылынат.
6.3. Автоунаа каражаттарын чет мамлекеттерге алып чыгууда "Чыгарууга уруксат" штампы менен бажы декларациясы же жүк бажы декларациясы талап кылынат.
6.4. Бажы жеңилдиктер берилген автоунаа каражаттары мындай жеңилдиктер берилген максаттарга байланыштуу гана пайдаланылат. Бажы жеңилдиктер берилген кызматтык жана жеке автоунаа каражаттарын алып чыгууда бажы төлөмдөрдүн жана салыктын бөлүгүн гана төлөөдө бажы органдарынын уруксаты керек.
VII.Техникалык кароодон өткөрүү
7.1. Өкүлчүлүктөрдүн, Мекемелердин жана долбоорлордун, жана алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү жыл сайын милдеттүү түрдө КРнын ИИМнин ЖККББы менен макулдашылган мөөнөттө өткөрүлөт.
7.2. Автоунаа каражаттары мамлекеттик техникалык кароого техникалык таза жана төмөнкүдөй документтери менен сунушталат:
- аккредиттөөчү карточка;
- айдоочунун күбөлүгү;
- автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту же каттоо тууралуу күбөлүк, ал эми кызматтык автоунаа каражаттарынын техникалык талону;
- Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамы менен бекитилген техникалык кароодон өткөрүүгө байланыштуу толук жыйымды төлөө тууралуу квитанция;
- көзөмөлдөн өткөрүү, унаадан чыгуучу газдын маңызы тууралуу талон.
7.3. Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган өкүлчүлүктөрдүн, мекемелердин жана долбоорлордун айдоочулары төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүлөрү керек:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- өкүлчүлүктөрдө, мекемелерде жана долбоорлордо ишмердүүлүүгүн ишке ашырууга контракт (же жумушка орношууга башкак документ);
- айдоочунун күбөлүгү;
- автоунаа каражаттарын башкарууга жарактуулугу тууралуу бекитилген формадагы медициналык маалымдама.
7.4. Бекитилген мөөнөттө техникалык кароодон жүйөөсүз себептерден улам өтпөсө, автоунааны пайдаланууга тыюу салынат.
VII. Автоунаа каражаттарынын кошумча жабдуучу предметтеринин негизги, запастык бөлүктөрүн алмаштырууну каттоо
8.1. Автоунаанын түрүн жана үлгүсүн жана өңүн андагы агрегаттардын кайра жабдууда же алмаштырууда өзгөртүү мезгилинде техникалык документацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек, ал үчүн "Кыргыздипсервис" МИсына төмөнкү документтер көрсөтүлөт:
кызматтык автоунаа каражаттарына:
- өтүнүч-кат же нота;
- автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
- автоунаа каражатынын техникалык талону;
- жеке жактардан сатып алган мезгилде – автоунааны сатуучунун паспорту;
- дүкөндө сатып алуу мезгилинде - автодүкөндүн эсептик маалымдамасы;
Жеке автоунаа каржаттарына:
- өтүнүч-кат;
- автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
- автоунаа каражаттарынын техникалык паспорту;
- жеке жактардан сатып алган мезгилде – автоунааны сатуучунун паспорту;
- дүкөндө сатып алуу мезгилинде - автодүкөндүн эсептик маалымдамасы
IX. Автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин, техникалык паспорттордун, техникалык талондун жоголуусу
9.1. Автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин, техникалык паспорттордун, техникалык талондун жоголуу мезгилинде же башка себептерден улам документтер жараксыз болуп калган мезгилде Өкүлчүлүк, Мекемелер тез аранын ичинде бул тууралуу "Кыргыздипсервис" МИсына билдирүүлөрү керек.
9.2.Документтин экинчи берилиши автоунаа каражаттарынын документтеринин дипломатиялык каттоочу номердик белгилердин жоголгон фактысын далилдөөчү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын документтеринин тиркемеси мененжогоруда көрсөтүлгөн билдирүүнү алгандан кийин ишке ашырылат.
X. Артыкчылыктар
10.1. Өкүлчүлүктөрдүн жана Мекемелердин, Кыргыз Республикасында акредиттөөдөн өткөн алардын кызматкерлеринин автоунаа каражаттарын каттоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын күчүнө кирген эл аралык келишимдерине ылайык бардык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу сунушталат.
XI. Кыргыз Республикасынын айдоочу күбөлүгүн берүү
11.1. 1968-жылдын 8-ноябрындагы "Жол кыйымылы тууралуу" Конвенциясынын талаптарына ылайык келген эл аралык айдоочунун күбөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында автоунааларды башкарууга "Кыргыздипсервис" МИсында күбөлөндүрүлгөн кагазы менен жарактуу деп эсептелинет.
11.2. Чет мамлекеттик айдоочунун күбөлүгүн Кыргыз Республикасынын айдоочусунун күбөлүгүнө "Кыргыздипсервис" МИда алмаштыруу үчүн төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:
- өтүнүч-кат;
- аккредиттөөчү карточканын эки көчүрмөсү;
- айдоочунун күбөлүгүнүн котормосу менен түп нускасы;
- паспорттун көчүрмөсү;
- медициналык маалым кат;
- айдоочунун күбөлүгүнө жазуу үчүн жакын туугандары тууралуу маалымат (дареги, телефон).
11.3. Айдоочунун күбөлүгүн алууда атайын процедуралардан өтүү үчүн күбөлүктү алуучунун өзү болушу зарыл.
XII. Арыздарды кароонун мөөнөттөрү
Автоунаа каражаттарына дипломатиялык каттоо номерлерин берүү жана документтерин кароо, ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн берүү "Кыргыздипсервис" МИда 30 күндүн ичинде иш жүзүнө ашырылат.
|