|
Игорь Кожевин
16.08.07 17.29
Вести. Ру
…Он мамлекеттин башчылары, өкмөт башчылары жана БУУнун Башкы Катчысынын орун басары – Шанхай Уюму түзүлгөндөн бери Бишкек Саммитиндей олуттуу саммит болгон эмес. ШКУнун лидерлери сегиз документке кол коюшту, ал эми байкоочу катары чакырылган жогорку коноктордон ШКУга мүчө болуп кирүү ниеттерин айрымдары ачык эле, айрымдары четин чыгарып билдирип жатышты.
Дарья Брянцева, Виталий Катаргин, Дмитрий Аляев
«Немецкая волна»
… Эксперттердин пикирине караганда, Шанхай Кызматташтык Уюмунун потенциалы чоң.
« ШКУнун Саммитине Иран жана Афганистандын катышуусу аймакта уюмдун абройунун жогорулагандыгынын далили, башкача айтканда, аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери ШКУну бүгүнкү күнгө чейин башка эл аралык Уюмдар чече албаган маселелерди чечүүгө жөндөмдүү деп карашат. Албетте, кеп аймакта коопсуздукту камсыздоо жөнүндө болуп жатат»,- деп өзүнүн REGNUM Маалыматтык Агентствосунун кабарчысына берген интервьюсунда Эффективдүү саясат Фондунун башкы директору Кирилл Танаев билдирди.
Аркадий Дубнов
Бишкек, Время новостей, 17.08.07
Бишкекте өткөн ШКУнун Саммити чындыгында ийгиликтүү өттү. «ШКУнун Бишкек Саммитинин башкы жыйынтыгы – бул анын болуп өткөндүгү жана ийгиликтүү өткөндүгү»,- деп билдирди Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Аркадий Дубнов россиялык «Время новостей» басмасына берген интервьюсунда.
Независимая газета 20.08.07
Иван Сафранчук дүйнөлүк коопсуздук Институтунуну россиялык өкүлчүлүгүнүн директору. ШКУ жогорулоонун үстүндө. 16-августта Бишкекте өткөн ШКУнун Саммити жана Челябинск шаарында уюшулган ШКУнун «Мирная миссия 2007» тактикалык окуулары коопсуздук тармагында ШКУнун потенциалынын өсүп жаткандыгынын жана ага олуттуу көңүл бурулуп жаткандыгынын далили болду. ШКУга аскердик ченем керектүү. Уюм Борбордук Азияда коопсуздук маселелери боюнча жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмдүү экендигин ачык көрсөттү.
РИА Новости,
ШКУнун Саммитинин жыйынтыгына Иран өлкөсү абдан ыраазы. «Биз саммитте өткөн жолугушуулардын жыйынтыгына ыраазыбыз», - деп билдирди иран делегациясынын өкүлдөрү. Бул булактын маалыматына караганда саммит эл аралык жана аймактык жашоодо маанилүү окуя болуп калды.
Немецкая Волна 17.08.2007.
Эксперттердин билдирүүсүнө караганда ШКУ чоң потенциалга ээ. Кыргызстандын боборуна ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын баарысы келишти, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн (Монголия, Иран) жана ардактуу конок катарында Афганистандын жана Түркмөнстандын президенттери катышты.
ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери жолугушуу жемиштүү өткөндүгүн жана Шанхай уюму жылдан жылга эл аралык аренада өзүнүн кадыр баркын бекемдеп жаткандыгын билдиришти.
«Arab News»
ШКУ өзүнүн ишмердүүлүгүнүн терорризмге каршы мүнөздө экендигин билдирди.
Павел Захаров 16.08.2007, КМ. РУ
ШКУнун кадыр баркы шексиз өсүүдө. Уюм Чыгышта НАТОнун кеңейишине жана Борбордук Азияда америкалык экспансиянын тарашына татыктуу барьер болууга убада берүүсү ачык көрүнүүдө.
Вести РУ 16.08.07.
ШКУнун мүчө- мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин жыйыны документтерге кол коюу менен аяктады. Алар: Бишкек декларациясы, Достук жана кызматташтык жөнүндө Келишим, Биргелешкен Коммюнике. «Күндүн башкы окуясы- бул узак мөөнөттөгү ынтымак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим»,- деп Россиянын Владимир Путин билдирди.
17.08.2007 BBC News
ШКУ күндөн күнгө таасир берүүчү уюмдардан болуп келе жатат. Кытай жана Россиянын Президенттеринин жана Борбордук Азиядагы мамлекет башчыларынын жолугушуусунда энергетика жана коопсуздук тармагындагы кызматташууга жогорку басым жасалды.
…жогорку деңгээлдеги мындай жолугушуулар жана бул Кеңеш өзүнчө бир аймактык клубга айланууда.
|