|
“2001-жылдын 4-декабрь айында түзүлгөн КРнын Өкмөтү менен АКШ Өкмөтүнүн ортосундагы АКШнын Коргоо министрлигинин аскердик жана жарандык кызматкерлеринин туруусу тууралуу Макулдашуу” өз ишин токтотуусу жөнүндө Нота КРдагы АКШнын Элчисине берилди |
2009-жылдын 19-февралында КРнын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин ортосунда 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542-нота алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну денонсациялоо тууралуу» Мыйзамы кабыл алынды.
«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин ортосунда 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542-нота алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну денонсациялоо тууралуу» Мыйзамынын долбоору жөнүндө» КРнын Өкмөтүнүн Токтомунун 3-пунктуна ылайык аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште кароого КРнын Тышкы иштер министри К.Т.Сарбаев сунуштады.
Жогоруда аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароого КРнын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-февралындагы Токтому менен киргизилген.
Жогорку Кеңештин пленардык жыйынына чейин Мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комиссия жана фракцияларында каралган.
2001-жылдын 5-декабрындагы Өкмөттөр аралык Макулдашуу дипломатиялык нота алмашуу жолу менен түзүлгөн жана Макулдашууда Афганистанда “Туруктуу эркиндик” операциясынын алкагында аскердик иш-аракеттерди жана гуманитардык жардамдарды көрсөтүүнү ишке ашыруу максатында АКШынын Коргоо министрлигинин аскердик жана жарандык кызматкерлеринин жайгашуусуна жана Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагынын объектилерин жана “Манас” аэропортун пайдалануусуна кыргыз тарабынын уруксаты каралган.
Кароонун жыйынтыктары боюнча КРнын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин ортосунда 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542- нота алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну денонсациялоо тууралуу» Мыйзамынын долбоорун жактырды.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 78 депутатынын макул добушу менен «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Америка Кошмо Штаттарынын Элчилигинин ортосунда 2001-жылдын 4-декабрындагы № 542- нота алмаштыруу жолу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну денонсациялоо тууралуу» Мыйзамын кабыл алышты. Добуш берүүдө 2 добуш каршы, 1 калыс калды.
Үстүбүздөгү жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев жогоруда аталган Макулдашуунун денонсациялоо тууралуу КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамга кол койду, жана ал Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Макулдашуунун шарттарына ылайык ал өзүнүн ишин Америка тарабы КРнын расмий билдирүүсүн алгандан кийин 180 күндөн кийин ишин токтотот.
Бүгүн, 2009-жылдын 20-февралында Тышкы иштер министр К.Сарбаев тарабынан “2001-жылдын 4-декабрь айында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы АКШнын Коргоо министрлигинин аскердик жана жарандык кызматкерлеринин туруусу тууралуу Макулдашуу” өз ишин токтотуусу жөнүндө расмий билдирүү менен Нотаны Кыргыз Республикасындагы АКШнын Элчиси Т.Гфеллер айымга берилген. |