Бүгүн: 9 Сентябрь 2010
Башкысы I Cуроо-жооптор I Cайттын картасы I Байланыштар

Кыргыз Республикасынын Тышки Иштер Министрлиги

 

Доступ к информации

Узор

Телефон доверия
Узор

Узор
Узор

Инвестиции

Инвестиционные
проекты
Кыргызстана

Узор

ПланПлан действия МИД КР по реализации мероприятий Стратегии Развития Страны на 2007-2010 годы

Узор
Узор

Сайт гос.предприятия КыргызДипСервис

Сайт ОБСЕ

Организация объединенных наций

Узор
Узор
10 октября 2010 года - Парламентские выборы в Кыргызской Республике
Дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзам
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2002-жылдын 28-июнда N 131

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Кыргыз Республикасынын дипломатиялык
кызматы жөнүндө

I Глава. Жалпы жоболор
II Глава. Дипломатиялык кызматтын кадрлары, дипломатиялык кызмат
орундарына дайындоо, дипломатиялык кызмат өтөө
III Глава. Дипломатиялык рангдар
IV Глава. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин укуктары,
милдеттери жана жоопкерчилиги
V Глава. Дипломатиялык кызматты камсыз кылуу. Дипломатиялык
кызматтын кызматкерлерин материалдык жана социалдык
жактан камсыз кылуу, аларга берилүүчү кепилдиктер жана
компенсациялар
VI Глава. Дипломатиялык кызматты токтотуу. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам мамлекеттик кызматтын курамындагы бөлүгү катары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын иш-аракеттеринин укуктук негиздерин белгилейт жана анын милдеттерин, аткаруучу иштерин аныктайт, ошондой эле дипломатиялык кызматкерлерге жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан эмгектик жана башка мамилелерди жөнгө салат.

I Глава
Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт, өлкөнүн ичинде жана эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан өкүлчүлүк кылат, тышкы саясатты жетектөөнү жүзөгө ашырат.

1-статья. Дипломатиялык кызмат түшүнүгү

1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы (мындан ары - дипломатиялык кызмат) - Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын курамындагы бөлүгү болуп саналат, эл аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылат жана коргойт.
2. Консулдук кызмат дипломатиялык кызматтын бир бөлүгү болуп саналат.

2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
- дипломатиялык өкүлчүлүк - чет мамлекеттин аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштар органы;
- эл аралык уюмдун алдындагы өкүлчүлүк - тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын атынан бул эл аралык уюмда иштеп жаткан орган;
- консулдук мекеме (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук жана консулдук агентство) - Кыргыз Республикасынын, анын жеке жана юридикалык жактарынын кызыкчылыктарын эл аралык укуктун чектеринде коргогон Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттин аймагындагы мекемеси;
- элчи - өзү турган мамлекетте аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы, мамлекеттик кызмат тутумундагы кызмат адамы болуп саналат;
- консул - консулдук мекеменин башчысы, Кыргыз Республикасынын, анын жеке жана юридикалык жактарынын чет мамлекеттеги кызыкчылыктарын эл аралык укуктун чектеринде коргоо үчүн дайындалган мамлекеттик кызмат тутумундагы кызмат адамы болуп саналат;
- дипломатиялык ранг - ыйгарым укуктуу мамлекеттик кызмат адамы тарабынан дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине берилүүчү өзгөчө мамлекеттик наам.

3-статья. Дипломатиялык кызмат органдарынын тутуму

1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарына (мындан ары - дипломатиялык кызмат органдары) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги (мындан ары - Министрлик), Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрү (мындан ары - чет өлкөлөрдөгү мекемелер), Кыргыз Республикасынын аймагындагы Министрликтин өкүлчүлүктөрү (мындан ары Министрликтин өкүлчүлүктөрү) кирет.
2. Дипломатиялык кызмат органдарынын иш-аракеттерин камсыз кылуу максатында Министрлик Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнө караштуу уюмдарды түзүүгө укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт (уюштурулат).
4. Дипломатиялык кызмат органдары жана Министрликке караштуу уюмдар дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумун түзөт.

4-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

Министрлик тышкы саясат чөйрөсүндөгү аткаруу-башкаруу милдеттерин ишке ашыруучу жана димломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү тутумун жетектөөчү Кыргыз Республикасынын борбордук мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.

5-статья. Дипломатиялык кызматтын иш-аракеттеринин укуктук негизи

Дипломатиялык кызматтын иш-аракеттеринин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылары түзөт.

6-статья. Дипломатиялык кызмат органдарынын милдеттери

Дипломатиялык кызмат органдарына төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепциясын иштеп чыгуу жана аны Кыргыз Республикасынын Президентине берүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдары менен бирдикте аны ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерине ылайык анын чет мамлекеттер менен тең укуктуу карым-катнаштарын ар тараптуу өнүктүрүү багытында ишке ашыруу;
- эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана башка кызыкчылыктарын дипломатиялык каражаттар менен коргоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык саясатын жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамилелеринде бирдиктүү тышкы саясий багытта иш алып баруу максатында аткаруучу бийлик органдарынын иш-аракеттерин координациялоо;
- эл аралык абал, чет мамлекеттердин тышкы жана ички саясаты, эл аралык уюмдардын иштери жөнүндө маалыматтарды топтоо, иштеп чыгуу, талдоо жана тутумга салуу;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана укуктук ченемдик актыларына ылайык башка милдеттерди аткаруу.

7-статья. Дипломатиялык кызмат органдарынын аткаруучу негизги
милдеттери

Дипломатиялык кызмат органдары төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашырышат:
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерде Кыргыз Республикасына өкүлчүлүк кылуу;
- Кыргыз Республикасынын атынан чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- Бириккен Улуттар Уюмунун, башка эл аралык уюмдардын, конференциялардын, кеңешмелердин жана форумдардын иш-аракеттеринде Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатындагы милдеттерин ишке ашырууга, анын ичинде чет мамлекеттер жана эл аралык экономикалык уюмдар менен экономикалык кызматташууну түзүүгө жана өнүктүрүүгө; республикада жана чет өлкөлөрдө эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын, эл аралык экономикалык уюмдардын жана алардын жумушчу органдарынын иштерине Министрликтин компетенциясына тиешелүү бөлүгү боюнча катышуу;
- чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерди түзүү жөнүндө сунуштарды жана сунуш-пикирлерди Кыргыз Республикасынын Президентине берүүгө даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары жана алардын кызмат адамдары менен мамилелерин түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- эң жогорку жана өкмөттүк деңгээлдеги мамлекеттер аралык иш-сапарларды протоколдук жактан камсыз кылуу;
- дипломатиялык жана консулдук артыкчылыктар менен иммунитеттердин сакталышына контролдукту жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен парламенттер аралык байланыштарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө эл аралык-укуктук ченемдер жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары менен жөнгө салынуучу консулдук милдеттерди аткаруу;
- чет өлкөлөрдө жашап жаткан мекендештер менен байланыштарды жана карым-катнаштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн иштерине көмөк көрсөтүү; аларды тейлөөчү уюмдардын иш-аракетин өз компетенциясынын чегинде контролдоону ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, массалык маалымат каражаттарына Кыргыз Республикасынын эл аралык абалы жана тышкы саясаты жөнүндө маалымдап туруу;
- Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясаты, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий жана руханий жашоосу жөнүндө маалыматтарды чет өлкөлөрдө жайылтууга көмөктөшүү;
- дипломатиялык кызмат тутумундагы кызматкерлерди даярдоону, кайрадан даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана коомдук бирикмелери менен өз компетенциясынын алкагындагы маселелер боюнча өз ара иш-аракеттерди жүргүзүү;
- чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди иштеп чыгууга жана түзүүгө катышуу; эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан аткарылышын координациялоо;
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдерди түзүү, өзгөртүү жана денонсациялоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик органдары үчүн даярдоо;
- өз компетенциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын өркүндөтүү, аларды Кыргыз Республикасынын эл аралык-укуктук милдеттерине дал келтирүү боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында каралган башка милдеттерди аткаруу.

8-статья. Байланыш, архив, коопсуздук жана басма органдары

1. Дипломатиялык кызмат өз алдынча байланышка жана архивге ээ болот.
2. Министрлик менен чет өлкөлөрдөгү мекемелердин ортосунда тийиштүү байланыштарды камсыз кылуу үчүн өзүнүн телекоммуникация тармагы жана курьердик кызматы колдонулат.
3. Министрликтин архивинде эл аралык келишимдердин түп нускалары (оригиналдары) жана күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле анын иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн керектүү болгон башка материалдар сакталат.
4. Дипломатиялык кызмат Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн аймагындагы өз органдарынын жана мекемелеринин коопсуздук тутумун түзөт.
5. Дипломатиялык кызмат органдары Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык басма продукциясын чыгарууга укуктуу.

9-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин экипировкалоо
(протоколдук формадагы кийим)

Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери расмий жолугушууларда жана кызматтык иш-сапарларда кийилүүчү протоколдук формадагы акысыз кийим (мындан ары - кийим), болбосо аларды сатып алуу үчүн акча каражаттары менен камсыз кылынат.
Кийим сатып алуу үчүн акча каражаттары Министрликтин консулдук кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшкөн каражаттардын эсебинен, бирок эки жылда бир жолудан кем эмес берилет.
Кийимдердин көрүнүшү, берүү өлчөмү жана кийүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

II Глава
Дипломатиялык кызматтын кадрлары,
дипломатиялык кызмат орундарына дайындоо,
дипломатиялык кызмат өтөө

10-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери

Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарында иштеп жатышкан адамдар дипломатиялык кызматтын кызматкерлери болуп саналат.
Дипломатиялык кызмат органдарынын милдеттерин жана аткаруучу иштерин турмушка ашыруу боюнча алар үчүн белгиленген ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери бар дипломатиялык кызмат органдарындагы кызмат орундары дипломатиялык жана консулдук кызмат орундары болуп саналат.
Дипломатиялык жана консулдук кызмат орундарынын тизмеси Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

11-статья. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резерви

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынан башка мамлекеттик органдарга которулууда же Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге 6 айдан ашуун мөөнөткө жөнөтүлүп жатканда ээлеген кызмат ордунан бошотулат жана Министрликтин кадрлар резервине киргизилет.
2. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резервин түзүү жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

12-статья. Дипломатиялык кызмат орундарына дайындоо

1. Дипломатиялык кызмат орундарына жогорку билимдүү, дипломатиялык кызматта иштөө үчүн зарыл болгон атайын билимге ээ Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат.
2. Кыргыз Республикасынын Элчилери, эл аралык уюмдардын алдындагы Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү Башкы консулдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин (мындан ары - Министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Дипломатиялык кызматтын калган кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык Министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
3. Чет өлкөлөрдө иштегенден кийин Кыргыз Республикасына кайтып келген дипломатиялык кызматтын кызматкери, чет өлкөгө кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн болбогон кызмат ордуна дайындалат.

13-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин кызмат
орундарынан которуулар

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин кызмат орундарынан которуулар кызматтык зарылчылыкка ылайык, пландуу негизде, квалификациясын, кесиптик даярдыгын, ротациялоо жана адистештирүү принциптерин эске алып жүргүзүлөт.
2. Чет өлкөлөрдөгү мекемеде иштеп жаткан учурда дипломатиялык кызматкер кызмат орду боюнча бир эле жолу жогорулашы мүмкүн, мында анын чет өлкөдө болуу мөөнөтү кызматтык зарылчылык боюнча узартылган учуру эске алынбайт.

14-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин ротациялоо

1. Дипломатиялык кызмат органдарында дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин ротациялоо дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин потенциалын натыйжалуу пайдалануу, алардын кызмат жана кесиптик жагынан өсүшү үчүн зарыл шарттарды түзүү, дипломатиялык карьера үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу жана кадрларды дипломатиялык кызматтарда бекемдөө максатында жүргүзүлөт.
Ротациялоонун чектеринде дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кесиптик тажрыйбасы, даярдыгы жана адистиги эске алынып, алар чет өлкөлөрдөгү мекемелерге ишке жөнөтүлүшү жана Министрликтин бөлүмдөрүндө жана анын өкүлчүлүктөрүндө иштеши мүмкүн.
2. Чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштөө ортосундагы мөөнөттө дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин Министрликтин бөлүмдөрүндөгү жана анын өкүлчүлүктөрүндөгү иштөө мөөнөтү эки жылдан кем эмес болууга тийиш.
3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштөө мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш.
Аталган мөөнөт кызматтык зарылчылык боюнча жана дипломатиялык кызматтын кызматкеринин макулдугу менен Министр тарабынан узартылышы мүмкүн, бирок бул мөөнөт бир жылдан ашпоого тийиш.
Ушул статьяда белгиленген тартип Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чет өлкөлөрдөгү мекемелердин жетекчилери катары дайындалган адамдарга тиешеси жок.
4. Дипломатиялык кызматтын кызматкеринин чет өлкөлөрдөгү мекемелерге ишке баруудан негиздүү себепсиз баш тартышы тартипсиз жорук болуп эсептелет жана тартиптик жазалоо үчүн негиз болушу мүмкүн.

15-статья. Кызматтык аттестациялоо

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин кызматтык аттестациялоо эки жылда бир жолудан ашырбастан өткөрүлөт.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү тартиби, шарттары жана башка маселелери Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары менен аныкталат.

16-статья. Жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге жөнөтүү

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери алардын макулдугу менен кесиптик даярдоо жана стажировка, актуалдуу эл аралык маселелерди илимий жактан иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы (мындан ары - окуу жайларга жана илимий мекемелерге) жана чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге жөнөтүлүшү мүмкүн.
2. Окуу жайлардагы жана илимий мекемелердеги стажировканы же окууну аяктагандан кийин дипломатиялык кызматтын кызматкери кеткенге чейин ээлеген кызмат ордунан төмөн эмес дипломатиялык кызматка дайындалат. Окуу жайлардагы жана илимий мекемелердеги стажировкадан же окуудан кайтып келгенден кийин ал дипломатиялык кызмат органдарынын тутумунда бир жылдан кем эмес иштөөгө милдеттүү.

III Глава
Дипломатиялык рангдар

17-статья. Дипломатиялык рангдар

Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине алардын ээлеген кызмат ордун, тажрыйбасын жана иштеген жылдарын эске алуу менен төмөндөгүдөй рангдар ыйгарылат:
- Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;
- Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчи;
- 1-класстагы кеңешчи;
- 2-класстагы кеңешчи;
- 1-класстагы биринчи катчы;
- 2-класстагы биринчи катчы;
- 1-класстагы экинчи катчы;
- 2-класстагы экинчи катчы;
- үчүнчү катчы;
- атташе.

18-статья. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тартиби

1. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангдары Министрликтин коллегиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Башка дипломатиялык рангдар Министр тарабынан ыйгарылат.
Аттестациялоонун натыйжалары боюнча Министр тарабынан ыйгарылуучу дипломатиялык рангдарды берүү тартиби ушул Мыйзамдын негизинде Министр тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.
Кызматкердин дипломатиялык рангы дипломатиялык кызматтагы ээлеген ордуна дал келүүгө же бир баскычка жогору же төмөн болууга тийиш.
2. Министрликтин администрациялык-техникалык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык мамлекеттик кызматкерлердин класстык чендери ыйгарылат.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчиси дипломатиялык рангдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараттарынын иши тышкы саясий иш-милдеттерди ишке ашырууга байланыштуу болгон кызматкерлерине ыйгарылышы мүмкүн.
3. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тийиштүү күбөлүктөрдү берүү жана кызматынын тизмесине (эмгек китепчесине) жазып киргизүү менен ырасталат.
Дипломатиялык рангдар өмүр бою берилет.

19-статья. Дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөттөрү

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери үчүн дипломатиялык рангдарда болуунун төмөнкү мөнөттөрү белгиленет:
- атташе үчүн - 1 жыл;
- үчүнчү катчы, 1- жана 2-класстагы экинчи катчы үчүн - 2 жыл.
- 1 жана 2-класстагы биринчи катчы, 2-класстагы кеңешчи үчүн - 3 жыл.
1 - класстагы кеңешчинин дипломатиялык рангда болуу мөөнөтү белгиленбейт.
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи Элчинин дипломатиялык рангында болуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөттөрүнө төмөнкү учурлар кирет:
- Министрликтин борбордук аппаратында жана анын өкүлчүлүктөрүндө иштөө;
- чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштөө;
- мурдагы СССРдин жана союздук республикалардын Тышкы иштер министрлигинде иштөө;
- Министрликтин жөнөтүүсү боюнча чет өлкөлөрдөгү жана Кыргыз Республикасынын окуу жайларында жана илимий мекемелеринде стажировкадан өтүү жана окуу.

20-статья. Дипломатиялык рангды мөөнөтүнөн мурда жана кезексиз
ыйгаруу, төмөндөтүү, алып таштоо жана кайрадан калыбына
келтирүү

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин иштеги көрүнүктүү ийгиликтери жана өзгөчө кызматы үчүн белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин (мөөнөтүнөн мурда ранг ыйгаруу) же рангды ыйгаруу ирээтин сактабастан (кезексиз ранг ыйгаруу) рангы жогорулатылышы мүмкүн.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкери өзүнүн кызматтык милдеттерин дайыма аткарбаган же дипломаттын наамына ылайык келбеген жоруктарды жасаган учурда, анын дипломатиялык рангы төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Дипломатиялык кызматтын кызматкеринин дипломатиялык рангын алып таштоо, төмөндөтүү же кайрадан калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык белгиленген тартипте жасалат.
3. Иши боюнча олуттуу эскертүүсү бар дипломатиялык кызматтын кызматкерлери кезектеги рангды ыйгарууга көрсөтүлбөйт.
4. Дипломатиялык рангдар ыйгарылган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине жана мамлекеттик кызматкерлердин класстык чендери ыйгарылган Министрликтин администрациялык-техникалык кызматкерлеринин эмгек акысына Кыргыз Республикасынын укуктук ченем актыларына ылайык атайын үстөк акы төлөнөт.

IV Глава
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин
укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

21-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин укуктары

1. Өздөрүнүн кесиптик милдеттерин ишке ашырууда дипломатиялык кызматтын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматтык ыйгарым укуктарына ылайык чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана кароого катышууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн керектүү маалыматты, документтерди жана башка материалдарды тийиштүү тартипте алууга;
- кызматтык квалификациясын белгиленген тартипте жогорулатууга, алардын билим деңгээлин, компетенциясын жана кесиптик квалификациясын, ошондой эле ишмердүүлүгүн эске алуу менен кызматынан жогорулоого;
- мамлекеттик органдарда же сотто өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын жана жарандардын мыйзамга ылайыксыз иш-аракеттерине карата даттанууга;
- ден соолугу үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө;
- мамлекет тарабынан социалдык жана укуктук жактан корголууга;
- пенсиялык камсыздоого;
- мыйзамга ылайык орнотулган тартипте өз каалоосу менен иштен бошонууга;
- жетекчинин оозеки тескемесинин мыйзамдуулугу тууралу күмөн саналган учурда мындай тескемени жазуу жүзүндө ырастоону талап кылууга;
- кызматтан тышкары убакта партиялык жана коомдук иш-аракеттерди ишке ашырууга, мында Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана башка укуктук ченемдик актылары тарабынан тыюу салынган учурлардан тышкарыда.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштеп жаткан учурда дипломатиялык кызматтын кызматкерлери үчүн эл аралык укуктун ченемдерине ылайык белгиленген артыкчылыктардан жана иммунитеттерден пайдаланышат.

22-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин милдеттери

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана укуктук ченемдик актыларын сактоого;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын эл аралык кадыр-баркын жогорулатууга шарт түзүүгө, анын коопсуздугун, экономикалык жана илимий-техникалык потенциалын бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасын сыртта татыктуу көрсөтүүгө жана анын таламдарын талашууга;
- чет өлкөлөрдө иштеп жаткан учурда өзү турган өлкөнүн мыйзамдарын, тартиптерин жана каада-салттарын урматтоого;
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары менен корголгон мамлекеттик, кызматтык жана башка сырды сактоого, анын ичинде дипломатиялык кызматтан кеткенден кийин дагы;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин, тажрыйбасын жогорулатууга, чет тилдерди билүүсүн жакшыртууга.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери төмөндөгүлөргө укугу жок;
- педагогикалык, илимий жана башка чыгармачыл ишмердүүлүктөн тышкары башка акы төлөнүүчү иштерде иштөөгө;
- жеке ишкердик жүргүзүүгө, ошондой эле бардык түрдөгү сыйакыны алып, жеке жана юридикалык жактардын ишкердик иш-аракеттерине жардам берүү үчүн өзүнүн кызмат ордун пайдаланууга;
- алар иштеп жаткан же ага түздөн-түз баш ийген болбосо анын контролунда болгон мамлекеттик органда үчүнчү жактардын өкүлү болууга;
- материалдык-техникалык, каржылык жана маалымат менен камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын, башка мамлекеттик мүлктү жана кызматтык маалыматты кызматтан тышкары максатта пайдаланууга;
- кызматтык ыйгарым укуктарды аткарууга байланыштуу иш-аракеттерди жасагандыгы же жасабай койгондугу үчүн сыйакы катары белектерди, акча жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеке жана юридикалык жактардан алууга;
- иш таштоого, манифестацияларга катышууга жана мамлекеттик органдардын иштешине жана мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга жолтоо болууга;
- өзүнүн кызматтык иш-аракеттерине байланыштуу саясий партиялардын жана диний уюмдардын иштерине катышууга;
- жакын тууганы болгон адамдарга (ата-энесине, аялына (күйөөсүнө), ага-инилерине, эже-сиңдилерине жана балдарына) түздөн-түз баш ийип, алардын контролу астында кызмат кылган мамлекеттик органдарда мамлекеттик кызматтарда иштөөгө.

23-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин сыйлоо

1. Өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткарышы, жигердүү, демилгелүү жана кынтыксыз кызматы, өзгөчө маанидеги жана татаал атайын тапшырмаларды аткарышы, ошондой эле иштеги башка жетишкендиктери үчүн дипломатиялык кызматтын кызматкерлери төмөндөгүдөй сыйланышат:
- кызмат ордунан жогорулатуу менен;
- дипломатиялык рангын мөөнөтүнөн мурда жогорулатуу же дипломатиялык рангды кезексиз ыйгаруу менен;
- акчалай сыйлык менен;
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында каралган сыйлоонун башка түрлөрү менен.
Өзгөчө кызматы үчүн дипломатиялык кызматтын кызматкерлери мыйзам тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышат.

24-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жоопкерчилиги

1. Укук тартибин бузгандыгы үчүн дипломатиялык кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында каралган тартипте жана шарттарда жазык, материалдык, администрациялык жана тартиптик жоопкерчиликке тартылышат.
Өздөрүнө берилген милдеттерди аткарбагандыгы жана тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине төмөндөгүдөй тартиптик жаза колдонулат:
- эскертүү;
- сөгүш жарыялоо;
- катуу сөгүш жарыялоо;
- кызматына толук ылайык келбегендиги тууралу эскертүү;
- кызмат ордун же дипломатиялык рангын төмөндөтүү;
- кызмат ордунан бошотуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартиптик жазалардын башка түрлөрү.
2. Тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык берилет.
3. Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык башкача жоопкерчиликке тартылуучу жосундарды жасагандыгы үчүн тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн эмес.
4. Жазалар жөнүндө маалыматтар дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жеке көктөмөсүнө киргизүү жолу менен эсепке алынат.
5. Кыргыз Республикасынын же өздөрү турган өлкөнүн укуктук ченемдик актылары тарабынан аныкталган жоопкерчиликке тартылуучу жосундарды жасаган чет өлкөлөрдөгү мекемелердин кызматкерлери, аларга Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары тарабынан каралган чараларды колдонуудан тышкары, Кыргыз Республикасына мөөнөтүнөн мурда чакыртылып алынышы мүмкүн.
6. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери эмгектик талаш-тартыштарды каратуу чечүү үчүн белгиленген тартипте тийиштүү органдарга кайрыла алышат.

25-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин эмгектик
мамилелерин жөнгө салуу

Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин эмгектеги карым-катнаштары ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка укуктук ченемдик актылар менен жөнгө салынат.

V Глава
Дипломатиялык кызматты камсыз кылуу.
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин
материалдык жана социалдык жактан камсыз
кылуу, аларга берилүүчү кепилдиктер
жана компенсациялар

26-статья. Чет өлкөдөгү мекемелерде иштеп жаткан учурда
дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине берилүүчү
кепилдиктер жана компенсациялар

1. Министрликтер жана чет өлкөдөгү мекемелер кызмат өтөөдөгү кыйынчылыктарды, ага байланышкан тобокелчиликти, ошондой эле чет мамлекеттин жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, дипломатиялык кызматтын кызматчыларын материалдык жана социалдык жактан камсыз кылышат.
Чет өлкөдө болуу дипломатиялык кызматтын кызматчысына жана анын үй-бүлөсүнө кандайдыр-бир зыян келтирбеши керек.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына ылайык медициналык жактан тийиштүү түрдө тейлөө менен камсыз кылынат.
3. Чет өлкөдөгү мекемеде иштеп жаткан дипломатиялык кызматтын кызматкери ар жылда берилүүчү эмгек өргүүсүнө болбосо жакын туугандарынын (ата-энесинин, жубайынын, балдарынын) биринин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу барыш-келиш жол киресин чыгымдарын төлөтүп алууга укуктуу.
4. Чет өлкөдөгү мекемеде иштеп жаткан дипломатиялык кызматтын кызматкери аны менен жашап жаткан адамдардын санын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте чет өлкөлөрдө турак-жай менен камсыз кылынууга тийиш.
5. Куралдуу же жарандык кагылышуу, болбосо чет өлкөдөгү мекемелердин жана алардын кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч келтирилген учурда, ошондой эле чет өлкөдөгү мекемелер жайгашкан жерде табигый кырсыктар же башка кырдаалдар болгондо Министрлик дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана алар менен кошо жашап жаткан адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо үчүн зарыл болгон алдын алуу чараларын көрөт.
Чет өлкөлөрдө болуу учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерин болбосо аларга байланышкан иштерди аткарууда дипломатиялык кызматтын кызматкерине же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө келтирилген зыяндын орду (жашоосуна жана ден-соолугуна зыян келтирүү) Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык толтурулат.
6. Ушул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин административдик-техникалык кызматкерлерине да жайылтылат.

27-статья. Дипломатиялык кызматты каржылоо жана
материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

1. Дипломатиялык кызмат органдарын жана Министрликке караштуу мекемелерди каржылоо республиканын бюджетиндеги каражаттардын жана консулдук кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Дипломатиялык кызматтын мекемелеринин иш-аракеттерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Республиканын аймагында жана чет өлкөлөрдө кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу, пайдалануу жана тескөө тартиби Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жана алар турган өлкөнүн укуктук ченемдик актылары менен белгиленет.

28-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин акчалай күтүү

1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана административдик-техникалык кызматкерлерин акчалай күтүү Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү эмгек акынын бирдиктүү тутуму менен аныкталат.
2. Чет өлкөдөгү мекемелерде иштеп жаткан дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана административдик-техникалык кызматкерлерди акчалай күтүү алар турган өлкөнүн социалдык-экономикалык жана материалдык-турмуш тиричиликтик шарттарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

29-статья. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин социалдык жактан
коргоо

Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылар тарабынан белгиленген тартипте социалдык жактан коргоого жана пенсиялык камсыздоого кепилдик берилет.

VI Глава
Дипломатиялык кызматты токтотуу.
Корутунду жоболор

30-статья. Дипломатиялык кызматты токтотуу

1. Дипломатиялык кызматты токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
- дипломатиялык кызматтын кызматкеринин өз каалоосу менен иштен бошонуу тууралу арызын бериши;
- контракттын мөөнөтүнүн аякташы болбосо Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында каралган негиздер боюнча контрактты бузуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу;
- Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында каралган башка негиздер.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкери кызматынан дипломатиялык кызмат ордуна дайындоого укуктуу болгон тиешелүү кызмат адамы тарабынан бошотулат.

31-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жана башка ченемдик
актылар

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын "Дипломатиялык рангдар жөнүндө" Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1977-ж., N 10, 474-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев

2002-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
 

Гуманитарная помощь Кыргызстану

Национальный доклад по правам человека

Бишкекская инициатива

Kyrgyzstan Flash Appeal

Узор

Поздравления

Узор

Благодарности
Узор
Выступления
Узор
Макалалар

Бардык макалалар

Узор
Дүйнөлүк убакыт

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат борбору © 2007-2010
ITEG.kg сайтынын иштелмеси